Башкы бет

«Салыштырмалуу экономика» – илимий рецензияланган ачык жеткиликтүү журнал болуп саналат, анда оригиналдуу изилдөөлөрдү, теориялык жана рецензияланган макалаларды, ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдөн келген «case study» изилдөөлөрүн жарыялайт. «Салыштырмалуу экономика» журналынын максаты – ар кандай өлкөлөрдүн, региондордун жана экономикалык системалардын салыштырмалуу анализи аркылуу экономиканын актуалдуу маселелерин чагылдыруу. Журнал төмөнкү тармактар боюнча материалдарды жарыялайт: салыштырмалуу тармактык экономика, эл аралык экономика, жаратылышты пайдалануу экономикасы, инновациялар экономикасы, башкаруу жана экономика. Бул тууралуу кененирээк Максаттар жана проблемактика бөлүмүндө баяндалат.

Журнал жалпы коомдук прогресс үчүн илимий маалыматты эркин жайылтуу жана глобалдык билим алмашуу принциптерин сактоо менен ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат. Демек бул, бардык мазмунун колдонуучулар тарабынан акысыз көрүү үчүн жеткиликтүү дегенди билдирет. Кененирээк маалымат бул тууралуу Ачык жеткиликтүүлүк саясаты бөлүмүндө жайгашкан. Журналдын илимий макалаларына толук тексттик мүмкүнчүлүк Архив бөлүмүндө жайгашкан.

Басылманын уюштуруучусу: «М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети» илимий-изилдөө университетинин алдындагы Экономика илимий-изилдөө институту.

Басып чыгаруучу: «М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети» илимий-изилдөө университетинин алдындагы Экономика илимий-изилдөө институту.  

Негизделген жылы: 2025.

Чыгаруунун мезгилдүүлүгү: жылына 4 жолу.

Басылманын тили: англисче.

Башкы редактор: Батыркул Баетов

Илимий журналдын редакциялык коллегиясына кыргыз жана чет элдик белгилүү окумуштуулар Казакстандан жана Россиядан кирет. Толук курамы тууралуу маалымат Редакциялык коллегия бөлүмүндө жайгаштырылган.  

Бардык материалдар Creative Commons Attribution 4.0 International Public License, шарттарына ылайык таркатылат, ал башка адамдарга кол жазманы чыгарманын авторлугун таануу жана бул журналда биринчи жолу жарыялоо менен таратууга уруксат берет.